Домой Соцпедагог мектеп Балдардын коопсуздугу — коомдун жоопкерчилиги: Тогуз-Тородо ата-энелер жана педагогдор үчүн семинарлар

Балдардын коопсуздугу — коомдун жоопкерчилиги: Тогуз-Тородо ата-энелер жана педагогдор үчүн семинарлар

5
0

«Превеншен Медиа» коомдук фондунун жетекчилиги менен ишке ашырылып жаткан Социалдык педагогдордун мектеби долбоорунун алкагында семинар-тренингдер өлкөнүн алыскы аймактарында да ийгиликтүү өткөрүлүүдө.

Бул жолу долбоордун иш-чаралары Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна жетип, Макмал орто мектебинде жалпы ата-энелер үчүн «Медиасабаттуулук» темасында маалыматтык семинар уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар маалыматты сынчыл кабыл алуу, фейк маалыматтарды таануу жана балдарды санариптик чөйрөдөгү коркунучтардан коргоо боюнча маанилүү билимдерге ээ болушту.

Ошондой эле Тогуз-Торо районунун социалдык педагогдору үчүн «Кибербуллингдин алдын алуу» темасында атайын семинар-тренинг өткөрүлдү. Тренингде кибербуллингдин түрлөрү, анын балдардын психологиясына тийгизген таасири жана билим берүү мекемелеринде алдын алуу механизмдери кеңири талкууланды.

Бул иш-чаралар социалдык педагогдордун жана ата-энелердин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, балдардын коопсуз жана колдоого алынган билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган. Иш-чараларды Социалдык педагог мектебинин катышуучусу Нурлана Бакасова уюштурду.

Поделиться ссылкой: