Домой Uncategorized Балдардын репатриациясын & реинтеграциясын чагылдыруунун этикалык стандарттары

Балдардын репатриациясын & реинтеграциясын чагылдыруунун этикалык стандарттары

9
0

Ушул колдонмодо Кыргызстандын гуманитардык миссияларынын алкагында Сириядан жана Ирактан кайтарылган балдар менен аялдардын репатриация жана реинтеграция процессин ЖМКда чагылдыруунун этикалык стандарттары баяндалган. Бул гуманитардык миссиялар ЮНИСЕФтин жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Колдонмону ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү үчүн Prevention Media даярдады жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө даректелет. Жаңжалдан жапа чеккен балдарды мекенине кайтаруу маселеси коомчулукта кеңири кызыгууну жана талкууну жаратып келет. Бул теманы ЖМКда чагылдыруу кээде балдардын укуктарын басмырлаган, стигманы күчөткөн жана коомго аралаштырууга тоскоол боло турган баш макалалар, сүрөттөр, видеолор жана комментарийлер менен коштолууда.

Жаңжал болгон аймактардан балдарды репатриациялоо – бул татаал гуманитардык, укуктук жана социалдык милдет. Бул процесс балдар көбүнчө укуктарынын одоно бузулушунун курмандыгы болуп жатканын таанууга негизделген. Алар баштан өткөн жоготуулар, жаңжалдар, жер которуулар жана узак мөөнөткө камакка алуу менен шартталган терең жана өз ара байланыштагы аяр абалга туш болушат.

ЖМКдагы кесипкөй кызматкерлер коомдун кабылдоосун түптөөдө, стигманы азайтууда жана кайтып келгендердин ийгиликтүү реинтеграцияланышына көмөктөшүүдө маанилүү ролду ойношот. Балдардын коопсуздугун, алардын жеке жашоосун коргоону камсыз кылып, бул процессти тең салмактуу, этиканын стандарттары боюнча, ошол эле маалда маалыматты кенен берүү менен чагылдыруу кыйла оор. Мында балдардын аяр абалын эске алганда бул өтө маанилүү.

Поделиться ссылкой: