2024-жылдын 21–22-ноябрында Ош жана Өзгөн шаарларында жаштар үчүн маданий ар түрдүүлүк, социалдык биримдик жана жарандык иденттүүлүк темаларына арналган интеллектуалдык Quiz оюну ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чара биздин долбоордун алкагында уюштурулду.
Аталган иш-чара БУУӨП жана БУУнун Тынчтык куруу Фонду каржылаган «Чыр-чатактын алдын алуу жана тынчтык орнотуу үчүн улуттук потенциалды чыңдоо: ишеним жана социалдык биримдикти курууда жарандык коомдун маңыздуу катышуусу» долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Quiz оюнуна Ош жана Өзгөн шаарларынын жаштары, мугалимдери жана жарандык активисттери активдүү катышып, коомдогу ар түрдүүлүк, өз ара сый-урмат, диалог жана биримдик боюнча билимин текшеришти. Катышуучулар интерактивдүү форматта пикир алышып, маданий көп түрдүүлүктү түшүнүү жана кабыл алуу коомдогу ишенимди бекемдеп, социалдык сплоченносту чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө маданият коомду бириктирген маанилүү күч экени, ал эми ар түрдүүлүккө сый-урмат менен мамиле кылуу тынчтыкта жанаша жашоонун негизги шарты экени тууралуу кеңири талкуулар болду. Катышуучулар ар башка көз караштардын, маданий тажрыйбалардын жана тарыхый мурастын бар болушу коомду бөлбөстөн, тескерисинче, биримдикти бекемдей турган фактор экенин белгилешти.
Иш-чаранын негизги максаты жаштар арасында ачык диалогду күчөтүү, маданий көп түрдүүлүккө болгон урмат-сыйды арттыруу жана жарандык аң-сезимди өнүктүрүү аркылуу социалдык биримдикти бекемдөө болду. Quiz форматы жаштардын активдүү катышуусуна шарт түзүп, билимди жеткиликтүү жана кызыктуу формада өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бардык катышуучуларга баалуу сыйлыктар тапшырылып, иш-чара жогорку кызыгуу жана активдүүлүк менен өттү.
Иш-чараны Prevention Media коомдук фонду жана Жарандык демилгелерди илгерилетүү альянсы коомдук бирикмеси уюштурду. Өнөктөш уюм Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик.
#тынчтыккуруу #миростроительство #peacebuilding #коомдукбиримдик #социальнаясплоченность #socialcohesion #кыргызжаран #кыргызжараны













































