Домой Проекты Экстремизмди алдын алууда аймактык семинарлар

Экстремизмди алдын алууда аймактык семинарлар

18
0

ИИМи, Prevention Media, БУУӨП менен экстремизмдин алдын алуу багытындагы өнөктөштүк дагы бир ирет бекемделди. Бул кызматташтык радикалдашуунун алдын алууда мыйзам негизделген, заманбап ыкмаларды колдонууга жана айрыкча жаштар менен алсызыраак топторду колдоого багытталган.

Өнөктөштүктүн алкагында семинарлар жана окутуулар Кыргызстандын бардык аймактарында 2025-ж. өткөрүлүп, укук коргоо органдарынын, сот жана прокуратура кызматкерлеринин потенциалы жогорулатылууда. Ошондой эле методикалык материалдар, санариптик куралдар иштелип чыгып, жер-жерлерде ишенимди бекемдөөгө жана конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө багытталган иштер күчөтүлүүдө. Коомдордун туруктуулугун арттырууга багытталган демилгелер да колдоого алынууда.

Белгилей кетчү нерсе, бул БУУӨПтүн экстремизмдин алдын алуу жаатындагы биринчи колдоосу эмес. Өткөн жылы да аталган багытта бир катар маанилүү демилгелер ишке ашырылып, оң жыйынтыктарга жетишилген.

Бул кызматташтык мамлекет менен эл аралык уюмдардын биргелешкен аракеттери аркылуу коопсуз, ачык жана туруктуу коомду курууга мүмкүн экенин далилдеген жакшы үлгү. Ар бир жаран тынчтыкта өнүгүүгө жана өз мүмкүнчүлүгүн толук ишке ашырууга шарт түзүлүшү жалпы максатыбыз.

Поделиться ссылкой: