Prevention Media ИИМ КР менен өнөктөштүктө жана БУУӨП (БУУнун Өнүктүрүү программасы) колдоосу менен экстремизмге каршы натыйжалуу аракеттенүүгө жана Кыргызстанда коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталган эки окуу-методикалык колдонмону иштеп чыгууну аяктады.
Долбоор КРнын «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын алкагында, ошондой эле 2023–2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Министрлер Кабинетинин программасын ишке ашыруу планына ылайык жүзөгө ашырылды.
Колдонмолор журналисттерге, санариптик контент жаратуучуларга, басма сөз кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө багытталган. Алардын негизги максаты сезимтал темалар менен жоопкерчиликтүү иштөө үчүн практикалык куралдарды берүү жана экстремисттик мазмундагы маалыматтардын жайылыш тобокелдиктерин азайтуу.
Практикалык колдонмо журналисттерге, санариптик контенттин авторлоруна, мамлекеттик органдардын басма сөз кызматкерлерине жана башка контент өндүрүүчүлөр менен иштеген жарандык коомдун өкүлдөрүнө арналган. Практикалык колдонмо экстремизм жана радикализм көйгөйү боюнча маалымдуулукту жогорулатууга, натыйжалуу медиа аракеттерин иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасында коопсуз маалыматтык мейкиндикти калыптандырууга өбөлгө түзүү менен экстремизмге каршы туруктуу механизмдерди түзүүгө багытталган.


























