Домой Пособия  “Климаттык өзгөрүүлөр шартында руханий билим жана жолбашчылык” окуу-усулдук колдонмосу

 “Климаттык өзгөрүүлөр шартында руханий билим жана жолбашчылык” окуу-усулдук колдонмосу

1
0

Климаттын өзгөрүшү — китептердеги бир тема эмес, же кийинчерээк ойлой турган бир маселе да эмес. Кыргызстандын чоң аймактары, жамааттары азыркы учурда бул чыныгы орчундуу маселеге кабылып жатышат. Күн өтө ысып, аптаптын улам күчөшү, суу жетишсиздиги, мурункудай түшүм мол болбой калышы, азык-түлүк бааларынын өсүшү, адамдардын ден соолугунун начарлашы күнүмдүк турмушка, бакубат жашоого жана социалдык туруктуулукка түздөн-түз таасир тийгизет. Бул процесстердин кесепети эң биринчи кезекте коомдун аярлуу катмарларына — кары-картаңдарга, балдарга, көп балалуу жана аз камсыздалган үй-бүлөлөргө, айыл аймактарынын тургундарына тиет.

Мындай шарттарда диний жамааттардын өкүлдөрү коомдук өзгөрүүлөрдүн маанилүү катышуучуларына айланышат. Өз жамааттарында элдин ишенимине ээ болуп, алар жарандарды күнүмдүк турмушта айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга дем берип, керектүү маалыматтарды натыйжалуу жеткирип бере алышат. Мунун негизинде айлана-чөйрө маселелерине руханий баалуулуктар жана этикалык нормалар призмасы аркылуу кайрылуу климаттык өзгөрүүгө адаптация боюнча жалпы күч-аракеттерге олуттуу кошумча жардам боло алат. Мындай ык-амал климаттык өзгөрүү күн тартибин коомдун ар бир мүчөсү үчүн түшүнүктүүрөөк жана жакыныраак кылууга жардам берет.

Колубуздагы окуу-усулдук колдонмо диний жамааттардын өкүлдөрү үчүн иш жүзүндө колдонулуучу окуу куралы катары иштелип чыккан. Анын максаты — климаттык жана экологиялык көйгөйлөр тууралуу маалыматтандырылгандыкты гана жогорулатпастан, бул багыттагы билимди конкреттүү иш-аракеттерди жасоодо колдонууда жардам берүү.

Поделиться ссылкой: