Кастык тили коомдук талкууну булгайт жана басмырлоого (дискриминацияга) жана зомбулукка алып келиши мүмкүн. Анын онлайн мейкиндикте, жеке да, коомдук да байланыштарда кеңири жайылышы бул маселени шашылыш жана көз жаздымда калтырууга болбой турган көйгөйгө айлантат. Айрым учурларда маалымат каражаттары атайылап же байкабай калып кастык тилинин жаратуучулары жана таратуучулары болуп калышы мүмкүн. Ошол эле маалда, маалымат каражаттары кастык тилин жөнгө салууда (чектөөдө/ модерациялоодо) жана ага каршы турууда өзгөчө маанилүү ролду аткарат. Так, ишенимдуу жана контекстке негизделген маалымат беруу, ошондой эле чыдамсыздыкты (кабыл албоочулукту) жана кастыкты жайылткан таасирдүү тараптарды (акторлорду) коомчулук алдында жоопкерчиликке тартуу — бул корунуштун алдын алууга медиа олуттуу салым кошо алат.
Булак: ЮНЕСКО
Иллюстративдүү сүрөт Pixabay
































