Сөз эркиндигин жана маалымат алуу укугун коргоо менен бирге дезинформация, кастык тили жана кутум теориялары менен күрөшүү — көп тараптуу ыкманы талап кылат. Ушул себептен, сөз эркиндигин жана маалымат алуу укугун илге-рилетүү жана коргоо боюнча ЮНЕСКО, БУУнун алдыңкы агенттиги катары, Санариптик Платформаларды Башкаруу боюнча Колдонмону иштеп чыкты.Бул колдонмо мамлекеттер, санариптик платформалар, өкмөттөр аралык уюмдар, жарандык коом, маалымат каражаттары, акаде-миялык чөйрө, техникалык коомчулук жана башка кызыктар тараптар үчүн сөз эркиндиги жана маалымат санариптик плат-формаларды башкаруунун өзөгү болгон чөйрөнү түзүү үчүн бир катар милдеттерди, жоопкерчиликтерди жана ролдорду камтыйт.
Булак UNESCO Иллюстративдүү сүрөт Pixabay
































