Домой Проекты Айкын Санарип Онлайн мейкиндиктеги жек көрүү тили: жөн гана көйгөй эмес, социалдык биримдикке коркунуч

Онлайн мейкиндиктеги жек көрүү тили: жөн гана көйгөй эмес, социалдык биримдикке коркунуч

23
0

БУУнун Жек көрүү тилине каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнүн алдында жарандык коом өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана эксперттер өлкөдөгү алгачкы «Айкын санарип» коалициясын ишке киргизип, Кыргызстандагы зыяндуу онлайн-контент боюнча изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын сунушташат.

Кыргызстандын интернет колдонуучулары күн сайын жек көрүү тилине, жалган маалыматтарга жана онлайн куугунтуктоого туш болушат. Мындай контент кастыкты күчөтүп, сынчыл үндөрдү басаңдатып жана коомдук ишенимди алсыратууда. Коомдук жана саясий чыңалуу күчөгөн мезгилдерде санариптик мейкиндик коомдук пикирди манипуляциялоонун жана поляризацияны тереңдетүүнүн куралына айланып калышы мүмкүн. Ошол эле учурда Кыргызстанда «жек көрүү тили» түшүнүгүнүн так укуктук аныктамасы жок, ал эми ага каршы аракеттенүү механизмдери дагы эле системалуу эмес жана чачыранды мүнөзгө ээ.

2026-жылдын 17-июнунда, БУУнун Жек көрүү тилине каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнүн (18-июнь) алдында, жарандык коом уюмдарынын жана эксперттердин бирикмеси бул чакырыкка жооп катары «Айкын санарип» коалициясын расмий түрдө ишке кирет. Бул — өлкөдөгү санариптик укуктар, сөз эркиндиги жана онлайн коопсуздук маселелери боюнча биринчи көз карандысыз көп тараптуу платформа.

Форумдун алкагында Кыргызстандагы зыяндуу контент көйгөйүнө арналган улуттук изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары алгачкы жолу сунушталат. Изилдөө санариптик платформаларда жек көрүү тилинин кандайча жайылып жатканын, кыргыз тилдүү маалымат мейкиндигинде контент кандайча модерацияланып жатканын жана өлкөнүн укуктук жана институционалдык базасында кандай боштуктар бар экенин талдайт. Изилдөөнүн жыйынтыктары онлайн мейкиндик барган сайын коркуу сезимин, сабырсыздыкты жана айрым адамдарга же топторго каршы координацияланган чабуулдар күчөп жатканын көрсөтүүдө. Өзгөчө коркунуч коомдук активдүүлүк күчөгөн мезгилдерде, анын ичинде кризистик кырдаалдарда жана шайлоо өнөктүктөрүнүн учурунда жогорулайт.

«Биз онлайн мейкиндиктеги жек көрүү тилин мындан ары жөн гана “фондук ызы-чуу” катары кабыл ала албайбыз. Изилдөө бул көрүнүштүн реалдуу кесепеттери бар экенин көрсөтүүдө. “Айкын санарип” коалициясы Кыргызстандын шарттарына ылайык иштей турган чечимдерди табуу үчүн тиешелүү тараптарды бириктирүү максатында түзүлдү», — деди «Айкын санарип» коалициясынын төрайымы Айсулуу Кожомкулова.

«ЮНЕСКО көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү аракеттерин жана жарандык коомдун жек көрүү тилине каршы күрөшүүдөгү демилгелерин “Тынчтык үчүн социалдык медиа” глобалдык демилгесинин алкагында колдойт. Кыргызстан бардык кызыкдар тараптар биргелешип иш алып барып, жалган маалымат жана жек көрүү тили сыяктуу онлайн коркунучтарга каршы күрөшө аларын көрсөтүүдө. Ошол эле учурда ар бир адамдын үнү угулушуна шарт түзүлүшү керек», — деди Алматыдагы ЮНЕСКОнун Региондук кеңсесинин директору Амир Пирич.

Коалициянын расмий ачылышы Novotel Bishkek мейманканасында өтө турган форумдун алкагында жарандык коомдун, медиа өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын, академиялык чөйрөнүн, эл аралык уюмдардын жана блогерлердин катышуусунда өттү. Иш-чара Европа Биримдигинин колдоосу менен ЮНЕСКОнун «Тынчтык үчүн социалдык медиа» долбоорунун алкагында уюштурулду.

«Айкын санарип» коалициясы жөнүндө

«Айкын санарип» — Кыргызстанда коопсуз, ачык жана туруктуу санариптик мейкиндикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында түзүлгөн көз карандысыз көп тараптуу коалиция. Ал сөз эркиндиги, санариптик укуктар жана онлайн коопсуздук маселелери боюнча диалог жүргүзүү үчүн аянтча болуп кызмат кылат, ошондой эле санариптик платформалардын жоопкерчилигин жогорулатууга көмөктөшөт.

Поделиться ссылкой: