Санариптик өз ара аракеттер үстөмдүк кылган доордо жаштар жөн гана негизги санариптик сабаттуулук менен чектелбестен, андан да кеңири билимге ээ болушу керек. Медиа жана маалыматтык сабаттуулук (ММС) бүгүнкү күндө негизги компетенцияга айланып, жаштарга ыкчам өзгөрүп жаткан жана татаал маалыматтык экосистемадагы маалыматтын агымын сынчыл көз караш менен талдап, аңдап-түшүнүүгө мүмкүндүк берет.Интернет колдонуучуларынын жаш курагы күн санап төмөндөп жаткан шартта — маалыматтарга ылайык, интернет колдонуучулардын ар бир үчүнчүсү жаш бала. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча өлкөлөр ММСди билим берүү системаларына интеграциялоо боюнча иш алып барууда. Бул жетишкендиктерге карабастан, көптөгөн жаштар дагы эле жалган маалымат, кастык тили жана башка зыяндуу онлайн контент сыяктуу көйгөйлөргө туш болууда. Мындан тышкары, жаңы технологиялар үзгүлтүксүз пайда болуп, алардын таасири азырынча толук белгисиз болгон жаңы чакырыктарды жаратууда. Мисалы, 10 жаштан 24 жашка чейинки жаштардын 80%ы билим алуу, көңүл ачуу жана башка максаттар үчүн жасалма интеллектти (AI) күнүнө бир нече жолу колдонушат.
Булак UNESCO Иллюстративдүү сүрөт Pixabay
































