Домой Исследования Cанариптик зомбулук: коркунучтардын жаңы формалары жана адам укуктарын колдоо

Cанариптик зомбулук: коркунучтардын жаңы формалары жана адам укуктарын колдоо

33
0

Кыргызстандын бардык аймактарынан 1 070 студентти камтыган социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, сурамжылангандардын ар бир бешинчиси санариптик зомбулукка туш болгон. Жабыр тарткандардын болгону 8,5% мамлекеттик органдарга кайрылган, ал эми 42% болгон окуя тууралуу эч кимге билдирген эмес. 65% учурларда агрессор эч кандай жоопкерчиликке тартылган эмес. Санариптик трансформация билим берүү, экономика жана коомдук катышуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен бирге адам укуктары үчүн жаңы тобокелдиктерди да жаратты. Алардын ичинен эң маанилүүлөрүнүн бири санариптик зомбулук, башкача айтканда, МКТ колдонуу аркылуу психологиялык, репутациялык, социалдык жана экономикалык зыян келтирген аракеттер. Сиз “Сивикс” коомдук фонду жасаган изилдөөнүн толук тексти жана кыска баяндамасы менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыз

Булак «Сивикс». Негизги сүрөт Canva

Поделиться ссылкой: