Домой Исследования Экология, климат, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча диний булактардын аналитикалык баяндамасы

Экология, климат, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча диний булактардын аналитикалык баяндамасы

8
0

Бул аналитикалык баяндама Кыргыз Республикасынын диний ишмерлерине, мамлекеттик органдарына жана жарандык коом институттарына багытталган практикалык курал болуп саналат. Ал жаратылышка аяр мамиле кылуу жана экологиялык жоопкерчиликти калыптандырууда диний булактардын ролун тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Баяндамада исламдык булактардын — Куран аяттары менен Пайгамбардын хадистеринин — жаратылыш, айлана-чөйрө, аны сактоо жана адамдын ага болгон жоопкерчиликтүү мамилеси тууралуу айтылган бөлүктөрүнүн системалаштырылган талдоосу берилген.

Документ экология темасына байланышкан тиешелүү диний мазмундарды бириктирип, агартуу жана билим берүү иштеринде колдонууга негиз боло алат.

Аналитикалык отчет «MoveGreen» коомдук уюму тарабынан ишке ашырылган «Кыргызстандагы диний коомчулуктарда климаттык билимди, маалымдуулукту жана активдүүлүктү жогорулатуу» долбоорунун алкагында даярдалды. Долбоор КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин, БУУнун Окутуу жана илимий-изилдөө институтунун (UNITAR), ошондой эле «Улуттук деңгээлде аныкталган салым» (УДАС/NDC) демилгесинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Булак MoveGreen

Поделиться ссылкой: