Домой Пособия Билим берүү чөйрөсүнө ыңгайлашууда кыйынчылык тарткан балдарды интеграциялоо/реинтеграциялоо боюнча колдонмо

Билим берүү чөйрөсүнө ыңгайлашууда кыйынчылык тарткан балдарды интеграциялоо/реинтеграциялоо боюнча колдонмо

23
0

Бул методикалык колдонмо педагогдорго ар кандай факторлордон улам ыңгайлашууда балдардын кыйынчылыктарын аныктоого жана аларды жеңүүгө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыкты. Колдонмо мындай кыйынчылыктардын белгилерин таанып-билүүгө, ошондой эле окуучуларга өз убагында колдоо көрсөтүү боюнча чараларды даярдап, ишке ашырууга жардам берет.

Колдонмодо билим берүү чөйрөсүнө ыңгайлашууда кыйналган балдарды интеграциялоо жана коомго аралаштыруу көйгөйлөрүн чагылдырган материалдар бар. Колдонмодо окуучуларды ийгиликтүү ыңгайлаштырууга багытталган билим берүү процессин уюштуруунун оң тажрыйбасы каралат, ошондой эле балдардын билим берүү мейкиндигине интеграцияланышына көмөктөшүүчү натыйжалуу усулдар, формалар жана технологиялар сунушталат. Мында педагогдор, социалдык педагогдор жана билим берүү уюмдарынын администрациясы үчүн сунуштарга өзгөчө көңүл бурулган.

Колдонмо билим берүү чөйрөсүнө ыңгайлашууда кыйынчылык тарткан балдарды интеграциялоонун жана реинтеграциялоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырууда педагогдордун кесипкөй компетенцияларын жогорулатууга багытталган.

Поделиться ссылкой: