Prevention Media ИИМ КР менен өнөктөштүктө жана БУУӨП (БУУнун Өнүктүрүү программасы) колдоосу менен экстремизмге каршы натыйжалуу аракеттенүүгө жана Кыргызстанда коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталган эки окуу-методикалык колдонмону иштеп чыгууну аяктады.
Долбоор КРнын «Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамынын алкагында, ошондой эле 2023–2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Министрлер Кабинетинин программасын ишке ашыруу планына ылайык жүзөгө ашырылды.
Колдонмолор журналисттерге, санариптик контент жаратуучуларга, басма сөз кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө багытталган. Алардын негизги максаты сезимтал темалар менен жоопкерчиликтүү иштөө үчүн практикалык куралдарды берүү жана экстремисттик мазмундагы маалыматтардын жайылыш тобокелдиктерин азайтуу.
«Мындай колдонмолор бул жөн гана теориялык материалдар эмес, адистердин күнүмдүк ишинде колдонулуучу конкреттүү куралдар. Алар жоопкерчиликтүү коммуникацияны түзүүгө, радикалдашуу тобокелдиктерин азайтууга жана туруктуу маалыматтык чөйрөнү калыптандырууга жардам берет. Экстремизмдин алдын алуу маалымат менен системалуу иш алып баруусуз жана медиа менен мамлекеттик түзүмдөрдүн тыгыз кызматташуусуз мүмкүн эмес», — деп белгилешти Prevention Media өкүлдөрү.
Колдонмолордо медиа секторунун жана ички иштер органдарынын ролуна өзгөчө көңүл бурулган. Алардын өз ара аракеттенүүсү коомдун туруктуулугунун маанилүү фактору катары каралат. Контент жаратуучулар үчүн колдонмолор ЖМК тууралуу мыйзамдарды, конституциялык кепилдиктерди жана кесиптик этиканы түшүнүүгө жардам берип, татаал темаларды «жек көрүү тилин» колдонбостон чагылдырууга шарт түзөт. Өз кезегинде милиция кызматкерлери адам укуктарын урматтаган ыкманы жана заманбап коммуникация принциптерин өздөштүрүшөт, мында медиа жөн гана маалымат берүүчү канал эмес, маанилүү өнөктөш катары каралат.
Кийинки этап бул колдонмолорду ИИМ Академиясынын окуу программаларына, журналистика факультеттерине, ошондой эле медиа адистердин квалификациясын жогорулатуу системасына киргизүү. Бул кадам коомдогу чыңалууну азайтууга, ишенимди бекемдөөгө жана коопсуз маалыматтык мейкиндикти калыптандырууга өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.





























